"Уулумду өлтүрүп, өрттөп салышкан" деген эне соттун чечимине нааразы

Бүгүн, 11-октябрда "3 жарым жыл мурун уулумду өлтүрүп, өрттөп салган шектүүлөргө сот адилетсиз чечим чыгарды" деген Гүлмира Жаркынбаева аттуу Токмок шаарынын тургуну акыйкаттык издеп коомчулукка кайрылды.

"Менин уулум 1987-жылы туулган Жакшылык Дүйшөналиевди 2016-жылы өлтүрүп, өзүнүн автоунаасында өрттөп Кегети капчыгайына түртүп салышкан. Бирок бүгүн, 11-октябрда Токмок шаардык соту кылмышка шектүүлөрдү сот залынан күнөөсү толук далилденген жок деп бошотуп жиберди. Шектүүлөрдүн туугандары бизге үй алгыла, акча алгыла деп сунушташкан. Сот өкүмдү толук окуп бүтпөй бүгүн сот залынан качып кетти. Азыр Сот жабырлануучудан кача турган заман экен. Кандай учурда качат, акыйкатсыз чечим чыгарганда качат", - деди ал.

Ал уулунун өлүмүнө шектүүлөрдүн иши кайра каралып чыгуусун өз көзөмөлдөрүнө алуусун суранып президентке, бийлик өкүлдөрүнө кайрылуу жолдоду.

"Урматтуу президент, премьер-министр, депутаттар сиздерден менин уулумдун өлүмүнө шектүүлөрдүн ишин сот кайра карап чыгуусун өз көзөмөлүңүздөргө алып, карап берүүңүздөрдү суранам", - дейт ал.

“Уулумду өлтүрүп өрттөп салышкан” деген эне соттун чечимине нааразы
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
katerina.li
2019-10-11 20:32:51
Акма ктар
+4
talaa11
2019-10-11 21:40:30
Акчадан берип койгонда арам адилетсиз сотторго Кыргызстанда качан эле болчуле адилеттуулук бизде акыйкаттык таптакыр жок
+6
Avrora2017
2019-10-11 22:09:54
Акча алганда акмак, вообще акмакчылык ошол сотту озун сурака алыш керек камап, взятка алган поетому койобердида бизде баары взяточниктер чонунан кичинекейине чейин
+6
senchi
2019-10-12 10:50:33
Ошол сотту камагыла
+4
Babi.
2019-10-14 21:31:13
Байкуш эне..(((
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан