Новосибирскте базарда иштеген соодагерлерден опузалап акча талап кылып жүргөнгө шектелген жарандар кармалды. Алар "Тамерлан" деген топтун мүчөлөрү болушу мүмкүн экенин орус басылмалары жазып чыгышты.
7-октябрда эки топтун ортосунда жаңжал чыгып, бир нече адам денесинен ар кандай жаракат алган. Бул факт тергөөгө алынып, жаңжалдын себептери аныкталган. Тагыраак айтканда, базарда иштеген соодагерлер менен алардан акча талап кылып жүргөн жарандардын ортосунда чыр чыккан. Далил катары окуянын күбөлөрү суракка алынып, видеобайкоого түшкөн тасмалар дагы алынган.
Новосибирск облусунун Ички иштер башкы башкармалыгынын кызматкерлери шектүү катары мурда бир нече жолу соттолгон 31 жаштагы Новосибирск облусунун тургунун жана анын 29 жаштагы шеригин колго түшүргөн.
Учурда кармалган жарандарга карата "бейбаштык" жана "опузалап талап кылуу" беренелери менен
кылмыш иши козголуп, тергөө иштери уланууда. Шектүүлөрдүн бири камакка алынса, экинчисинин баш коргоо чарасы каралат.
Уруш 7-октябрь күнү болгон. Жаңжалга 50гө жакын киши катышкан. Алардын арасында Кыргыз өлкөсү, Тажикстан жана Өзбекстандын атуулдары бар болгондугу айтылган.
Бул факты боюнча "бейбаштык" жана "опузалап талап кылуу" беренелери менен кылмыш иши козголуп, тийиштүү экспертизалар дайындалган.
Полиция кызматкерлери бул окуядан кийин 195 мигрантты текшерүүгө алган. Текшерүүдөн кийин чет элдик 11 жаранды Орусиянын аймагынан чыгаруу үчүн тийиштүү документтер топтолуп жатканы маалымдалган.