Депутат министрликтердин расмий сайттары тууралуу сын-пикирин айтты

Депутат Мирлан Бакиров министрликтердин расмий сайттары жөнүндө сын-пикирин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 14-октябрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Ал санариптештирүү тууралуу көп сөз болгону менен аткарылбай жатканын айтты. Депутат айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуевден: "Министрликтин расмий сайтына киресизби?" деп сурады.

Министр сайтка күнүгө кире турганын айтты. Депутат сайтта мыйзамдар орус тилинде жазылганын билдирди. "Мамлекеттик тил жөнүндө мыйзамды одоно бузуп жатасыздар. Сайтта мыйзамдар орус тилинде жазылып жатат. Санариптештирүү жөнүндө көп сөз кылабыз, бирок ишке ашпай жатат. Министрликтердин сайтына жакшы көңүл бурулбай жатат. Сайт министрликтин жүзү болуп эсептелинет", - дейт депутат.

Ошону менен катар эле эл өкүлү Финансы министрлигинин сайтында кыргыз тилинде жазылган маалыматтарда кээ бир сөздөр орус тилинде жазылып жатканын сынга алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан