Сокулукта 3 жана 5 жаштагы балдарын сабаган деп шектелип кармалган атанын иши сотко өттү

Чүй облусунун Сокулук районунда 3 жана 5 жаштагы балдарын сабаган деп шектелип кармалган атанын иши сотко өттү. Бул тууралуу SUPER.KG порталына балдардын апасы Айпери Исраил кызы билдирди.

"Сот качан башталарын билбейм, бирок иш сотко өттү. Азыр балдарым менен өз ата-энемдин үйүндө жашап жатам. Балдарымдын абалы жакшы", - деди Айпери Исраил кызы.

Чүй облусунун Сокулук районунда 3 жана 5 жаштагы балдар өз атасы тарабынан сабалып, ооруканага түшкөн. 24-июнда Чүй ОИИББи 3 жана 5 жаштагы бир туугандарды сабаганга шектелип, алардын атасы кармалганын кабарлаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан