Ошто "Казак" каймана аты менен белгилүү болгон жарандын үстүнөн күч колдонуп зордуктоо боюнча 16 жаштагы кыздан арыз түштү

Ош шаарында "Казак" каймана аты менен белгилүү болгон жарандын баш коргоо чарасы каралды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык соту 12-октябрда карап, сотко чейинки өндүрүш учурунда шектүүнү абакта кармоо боюнча чечимин чыгарды.

"Шектүүнүн үстүнөн Ош шаарынын тургунунан арыз келип түштү. Арызда 16 жаштагы кызды шектүү күч колдонуп, Ош шаарынын Манас-Ата кичи районунда зордуктап койгону жазылган. Бул факты боюнча дагы кошумча териштирүү иштери башталды. Кимде-ким жогорудагы кылмышка шектүүдөн жабыр тарткан болсо, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын криминалдык милиция кызматына байланышууну милиция кызматкерлери өтүнөт. Байланыш телефону: 03222-2-46-78", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

Буга чейин шектүү 23 жаштагы жаранды миздүү нерсе менен желкесине жана оң каруусуна сайып, андан ары изин жашырып качып кеткен жеринен кармалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
kriss120
2019-10-14 12:19:45
Неге ыйлаганын эми тушундум казактын
+7
Zapsib
2019-10-14 14:06:24
kriss120,ыйлаганын каерден корсо болот
+3
Zapsib
2019-10-14 18:38:31
kriss120,неге ыйлаптыр
+2
aerforce
2019-10-14 12:33:51
Ыйлак баатыр
+5
Bars88
2019-10-14 12:39:34
Качан чыгарышат экен эми.Кармап туруп бошотуп ийишчи эле казакты
+4
Kyrgyz_bloger
2019-10-14 13:17:54
Ошондо бул дагы черныйбы ушул каймана аты барлар черный болот эле.
+3
Abdizhapar
2019-10-14 22:36:51
Тусун корсотсонор жабыр тарткандар чвкса керек дагы мунун казак кличкасын ким билсин
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан