Бүгүн, 14-октябрда "3 жарым жыл мурун уулумду өлтүрүп, өрттөп салган шектүүлөргө сот адилетсиз чечим чыгарды" деген Гүлмира Жаркынбаева аттуу Токмок шаарынын тургуну акыйкаттык издеп, Токмок шаардык сотунун алдына митингге чыкты.
Митингге чыккандарга эч ким чыгып, жолуккан жок.
"Азыр судьяга жолугайын десем, бир жумага жумуштан суранып кеткен экен. Бизди уккан деле киши жок. Биз эми облустук сотко кайрылабыз", - деди Жаркынбаева.
"Уулум Жакшылык Дүйшөналиевди 2016-жылы өлтүрүп, өзүнүн унаасында өрттөп, Кегети капчыгайына түртүп салышкан. 11-октябрда Токмок шаардык соту кылмышка шектүүлөрдү сот залынан күнөөсү толук далилденген жок деп бошотуп жиберди", - деген эне акыйкаттык издеп коомчулукка кайрылган.