Депутат Максат Сабиров: "КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүү маселесин ар бир мамлекет өзү карап көрүшү керек". КҮНСОБОЛ

11-октябрда Ашхабад шаарында Көз карандысыз мамлекеттердин шериктештигинин мамлекет башчыларынын кеңешинин кезектеги жыйыны өттү. Орусиянын президенти Владимир Путин өз сөзүндө КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү ойлонуу керектигин айтты. Бирдиктүү финансылык рынок түзүлө турган жагдайда жарандар жана компаниялар үчүн финансылык кызмат көрсөтүүнүн жеткиликтүүлүгү жана сапаты жогорулайт, финансылык тармактын эффективдүүлүгү өсүп, атаандаштык да өнүгөт.

Мындан улам SUPER.KG порталы "Путин КМШнын алкагында бирдиктүү финансылык рынок түзүүнү сунуштады. Европалык союздун үлгүсү постсоветтик өлкөлөрдө ишке ашуусу реалдуубу?" деген собол салды.

Жогорку Кеңештин депутаты Максат Сабиров сунушту ар бир өлкө мамлекеттик деңгээлде чечиши керектигин айтты. "Ар бир мамлекеттин өзүнүн эгемендүүлүгү бар. Ошого жараша өлкөлөрдө бул мамлекеттик деңгээлде чечилет деп ойлойм. Сунуш түштү. Эми ар бир мамлекет өзү карап көрүшү керек", - дейт Сабиров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан