Бүгүн, 14-октябрда Түштүк Кореянын белгилүү актрисасы жана ырчысы Соллинин жансыз денеси өз үйүнөн табылды. Полиция кызматынын маалыматы боюнча, 25 жаштагы атактуунун өлүмү боюнча түрдүү версиялар каралып жатат, бирок анын башкыларынын бири өз жанына кол салуу болуп жатат. Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазып чыгышты.
Солли менен анын менеджери байланыша албай койгону үчүн үйүнө издеп барган жана аны жансыз абалда тапкан. Буга чейин да Соллинин өз жанын кыюуга аракеттери болгон.
Солли (өз аты-жөнү Чой Жин Ри) 1994-жылы 29-мартта төрөлгөн. Ал f(x) кыздар тобунун курамында 2009-жылы дебют жасаган. Кийин ар кандай ушак кептердин айынан аталган топтон чыгып, актрисалык карьерасын баштаган. Эң көрүнүктүүсү "Реал" деген тасмада актёр Ким Су Хён менен аткарган баш каармандын ролу болгон. Акыркы учурда "Хейтерлердин комментарийлеринин түнү" деген аталыштагы берүүдө алпаруучу болуп иштеп жаткан.
Солли k-pop жылдыздарынын арасынан эң көп талкууга түшкөнү менен өзгөчөлөнүп турчу. Анын жүрүм-турумундагы ар бир кыймыл, кийген кийими, жеке жашоосундагы жаңылыктар заматта көңүл чордонуна түшүп, көбүнесе интернет булактарында кескин сындоого кабылчу.
2017-жылы "Elle Korea" журналына берген маегинде "30 жашка келгенде эмне кылгың келет" деген суроого Солли "мен келечек жөнүндө ойлоно деле бербейм, себеби мен үчүн 30 жаш өтө алыстай туюлат" деп жооп берген.