Кыргыз Эл артисти Роза Аманова жетектеген Эл аралык медицина окуу жайында мушташ чыкты (видео)

Бишкекте медициналык окуу жайда окуган студенттер арасында мушташ болгон. Бул тууралуу маалымат Октябрь РИИБине келип түшкөн.

Ага ылайык, "Бишкектеги Эл аралык медицина окуу жайындагы окуя түштөн кийин саат 15:30 чамасында орун алган. Анда Пакистан өлкөсүнөн келген жарандар чырдаша кеткен. Бирок интернетте тарагандай мушташ эмес, жөн гана пикир келишпестик болгон. Тартип сакчылары барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү. Чырдын келип чыгуу себептери такталууда", - дешти ички иштер бөлүмүнөн.

Маалым болгондой, аталган окуу жайды Кыргыз Эл артисти, ырчы Роза Аманова жетектеп келет. Анда миңден ашык чет жактан келген студенттер билим алышат.

Бишкекте медициналык окуу жайда иштеген студенттер арасында мушташ болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Izana
2019-10-14 22:29:34
Бул ырчы айым медициналык окуу жайда эмне кылып журот? Же негизги кесиби медик бекен?
+10
Mister-X
2019-10-14 22:47:28
Izana,Мен да тан калып атам. Ырчы мединститту башкарып, врачтар ырчы болуп калган заман.
+10
asefsa
2019-10-14 22:59:29
Окуу жай,жеке менчикда Жумалиевдики!
0
Taku.14.02
2019-10-15 00:17:07
Ал декан деканга же проректор экен ага медиктин тийешеси жоок.. Бул дда университетти буткон декан бут университеттики окшош кызмат аткарат бардык мугалимдин устунон карап
-2
aliya-leyla
2019-10-15 06:57:21
Taku.14.02,эмне болсо да кесиби окшошуш керек декандын. Менчик болсо да
+3
Taku.14.02
2019-10-15 14:17:09
aliya-leyla,кесип окшогондо бул сабак берип атты беле.
-1
TIMON_BERKOWITZ
2019-10-15 15:40:09
Акча бар, сулуулук бар, тааныш бар.. билимдин кереги жок Роза айымга!
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан