Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президентин Кыргыз мамлекетине расмий сапар менен келүүгө чакырды

Президент Сооронбай Жээнбеков 14-октябрда Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташуу кеңешинин жетинчи жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту.

Эки тараптуу кызматташуунун келечеги, анын ичинде өлкөлөр ортосундагы соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык байланыштарды бекемдөө маселелери талкууланды.

Сооронбай Жээнбеков Ильхам Алиев эки тараптуу мамилелердин келечегин талкуулоого жакшы мүмкүнчүлүк түзүлүп жатканын белгиледи. Ал Кыргыз мамлекети Чолпон-Ата шаарындагы былтыркы кеңештин саммитинин жүрүшүндө маселелердин кеңири спектри талкууланганын белгиледи.

"Бүгүн биз баарлашуубузду улантып жатабыз. Саясий, экономикалык, гуманитардык жана башка чөйрөлөрдө мындан аркы кызматташуу маселелерин талкуулайбыз деп ишенем", - деди Ильхам Алиев.

Ильхам Алиев Сооронбай Жээнбековго Кыргыз Республикасынын Түрк Кеңешинде натыйжалуу төрагалык кылганы үчүн ыраазычылык билдирди.

Президент Сооронбай Жээнбеков Азербайжандын президенти Ильхам Алиевди Кыргыз мамлекетине расмий сапар менен келүүгө чакырды.

Ильхам Алиев чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, 2020-жылдын экинчи жарымында Бишкекке расмий визит менен келүүнү пландап жатканын белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
altyn-kumush
2019-10-15 10:43:00
Кыргызстан менен Азербайжан өлкөсү көп тармактан бири-бири менен байланышып турат. Алсак, саясий-экономикалык, гуманитардык-маданий жана өзгөчө социалдык жактан тыгыз байланышта. Эки тарап ортосундагы мамиленин жакшырышы көп тармакта өсүүгө өбөлгө болуп берет.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан