Оюн соңуна чыкты. Кыргыз курама командасы керектүү 3 упайга ээ болду!
Кайрат Жыргалбек уулу сары айып кагазын алды. Чыдаш керек, жигиттер!
Оюнга 3 мүнөт кошумча убакыт кошулду.
Мурзаевдин ордуна Абдрахманов талаага чыкты. Мирлан бул оюнда бардык аракетин жумшады. Чарчап калганы байкалып жаткан.
Козубаевдин катасынан улам кооптуу абал жаралды. Бурчтан чыгарып берүү орун алды.
Оюн бүтөрүнө 5 мүнөт калды. Жеңишти кармаш керек.
Сагынбаевдин соккусу! Дарбазачы бардык аракетин жумшап, тосуп калды.
Люксту Рустамов алмаштырды. Виталий бүгүн аракет кылды, бирок гол киргизе алган жок.
Шукуроов! Кооптуу соккусун дарбазачы тосуп кетти. Үй ээлери дароо чабуулга өтүүгө аракет кылышууда.
Бернхардттын кооптуу соккусу дарбазадан бийик кетти. Оюн дагы деле чыңалуу менен өтүүдө.
Сол капталдан уюштурулган чабуул бурчтан чыгарып берүү менен уланды.
Кыргыз курама командасында алгачкы алмашуу - Алыкуловдун ордуна Ахмедов оюнга кирди.
Оюн көзөмөлү таптакыр жоголду. Эң кооптуу учур азыр болууда. Ээлигип алган монгол футболчуларынын дымагы күчтүү болууда.
Монгол футболчулары голдон кийин өздөрүнө ишене түштү. Биздин дарбазада байма-бай кооптуу абалдар жаралууда.
Гол. Монголиянын капитаны пенальтиден айырмаланды. Эсеп саны кыскарды - 1:2.
Пенальти. Кичин айып аянтчасынан эреже бузду.
Мыкты уюшулган чабуулда Шукуровдун тепкен тобу жай боллуп калды. Дарбазачы оңой эле тосуп алды.
Кыргыз футболчулары чабуулдарын байма-бай уюштурууда. Бернхардттын бурчтан чыгарып берген тобун Мусабеков асмандата тепти.
2-тайм башталды. Кыргыз командасында азырынча алмашуу болгон жок.
1-тайм соңуна чыкты. Эсеп саны - 0:2, Кыргыз футболчуларынын пайдасында.
ГООООЛ! МИРЛАААН МУУУРЗАЕВ! Экинчи ыргак менен уюшулган чабуулду таамай соккусу менен жыйынтыктады - 0:2.
3-катар санында ойногон Монголиянын коргоочусу сары айып кагазын алды. Ал Алыкуловду чалып жыкты. Гүлжигитке медициналык жардам көрсөтүлүүдө.
"Сен киргизбесең, сага киргизет" деген футбол мыйзамы иштеп кетпесе эле болду. Мындай абалдарды киргизүү керек.
Мурзаааев! Бирге бир чыккан абалды киргизе албай койду. 200 пайыздык абал болчу...
Оюндун 35-мүнөтүнө жакындап калды. Эсеп саны 0:1 бойдон. Оюн көбүрөөк ортоңку бөлүктө жүрүүдө.
Улан-Батор шаарында да "Ак шумкар" күйөрмандарсыз калган жок. Стадиондо "Алга, Кыргыз" деген ураандар жаңырып жатат.
Гүлжигит Алыкуловдун бул голу улуттук курама команда үчүн экинчиси. Ал Мьянма менен болгон оюнда да айырмаланган. Алыкулов Беларусь чемпиондугундагы "Неман" клубунда ойноп келет.
Үй ээлеринин кооптуу чабуулу! Матяш ордунда.
ГООООЛ! ГҮҮҮҮЛЖИГИИИТ АЛЫКУЛООВ! Оң капталдан чыгарып берген Мурзаевдин пасын Алыкулов голго айлантты - 0:1
Люкстун соккусун дарбазачы оңой эле тосуп алды.
Монгол футболчулары орой ойноп жатышат. Айып соккулар маал-маалы менен башкы калыс тарабынан белгиленүүдө.
Кайрадан Люкс! Чабуулдардын биринде башы менен узаткан соккусу дарбазанын үстүңкү мамысына тийди. Бирок, калыстар офсайд белгиледи.
Гүлжигит Алыкулов! Кыргыз футболчулар контр чабуул уюштуруп, Алыкуловдун узатылган соккусу таамай болбой калды.
ЛЮКС! Алгачкы кооптуу абал. Тилекке каршы, дарбазачы айып аянтчадан топко биринчи жетти.
Алгачкы чабуул сол капталдан уюшулду. Сагынбаевдин чыгарып берүүсү кооптуу болду. Оң капталдан айып белгини Бернхардт ашырып бергени менен кооптуу болгон жок.
Калыс ышкырыгын жаңыртты. Монгол футболчулары топту ортодон баштады.
Эки команданын гимндери жаңырууда. Оюн бир канча мүнөттөрдөн кийин башталат.
Эки команданын оюнга чыга турган негизги курамы белгилүү болду. Кыргыз курама командасында Мьянма менен болгон оюнга салыштырмалуу бир өзгөрүү бар - Виктор Майер жаракатынан улам натуралдык эмес футбол талаасына ойноого болбойт. Андыктан, Майер 10-октябрдан кийин Германияга сапар алган. Бүгүнкү оюнда оң капталга Мурзаев чыгып, Люкс негизги курамда чыгат.
Эки команданын оюн алдындагы көңүлү ар кандай. 10-октябрда Монголия конокто Японияга 0:6 эсебинде утулса, Бишкекте Кыргыз футболчулары Мьянманы 7:0 эсебинде утуп алган.
Саналуу мүнөттөрдөн кийин Катар-2022 Дүйнө чемпиондугунун тандап алуу оюндарынын алкагында Монголия-Кыргыз беттеши башталат. Оюн F тайпасындагы 4-турдун алкагында өтөт.