Гүлзана Койгелдиева 3 баланы баккан жалгыз бой эне. Ал тубаса көз көрүүсү начар төрөлүп, дээрлик көрбөйт. Анын дарты тукум кууп, бүгүнкү күндө 3 баласынын экөөнүн көрүүсү начар. Ал "мүмкүнчүлүгү чектелген балдарды төрөйт" деп жолдошу таштап кеткенин айтып кейийт.
Каарманыбызга жардам берүүнү каалагандар 0705 16 47 87 номери аркылуу байланышса болот.