Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Ленин айылында жеңил унаа менен жүк ташыган унаа сүзүшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы бүгүн, 16-октябрда саат 09:45 чамасында болгон.
"Жол кырсыгынан жабыркагандар болушу мүмкүн. Алдын ала маалыматтар боюнча Матиз унаасы жүк ташыган унааны сүзгөн", - деп билдирет окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.