"Солли өзүн өлтүргөн жок, аны хейтерлер өлтүрдү". Түштүк Кореяда жаман комментарий жазгандар боюнча атайын мыйзам долбоору иштелип чыкмай болду

Түштүк Кореяда "Соллинин мыйзамын" кабыл алмак болуп жатышат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн ЖМКлары жазып чыгышты.

Мындан эки күн мурда 25 жаштагы белгилүү корей актрисасы жана ырчы Соллинин жансыз денеси өз үйүнөн табылган. Тиешелүү экспертизалардан кийин анын өз жанын өзү кыйганы аныкталганын полиция кызматы маалымдады. Атактуу акыркы жылдар ичинде өз дарегине карата жазылган комментарийлердин айынан депрессияда жүргөн. Соллинин өлүмү бир гана аталган өлкөдө эмес, бүтүндөй дүйнөдөгү талкууга көп алынган белгилүүлөрдүн башын бириктирди.

Соллинин жансыз денеси үйүнүн 2-кабатында асылган абалда табылган.Түштүк Кореянын Улуттук ассамблеясынын 9 мүчөсү жаман комментарий жазгандарга жана аны жайылткандарга тиешелүү жаңы мыйзам иштеп чыгуу керектигин билдиришти. Ал хейтерлерге карата катаал эрежелерди киргизүүгө багытталат жана мыйзам долбоору декабрь айында карала турганы да маалым болду. Учурда мындай мыйзам долбоору керек деп 100дөн ашуун уюм, 200дөй атактуу колдоосун билдирип, атүгүл алар бул документти кароо учурунда парламентке келип берүүгө да макул болуп жатышат.

Бул аралыкта Соллинин өлүмүнө байланыштуу түрдүү маалыматтар ачыкталууда. Актриса жана ырчы агенттиги SM Entertaiment'тен комментаторлорго каршы юридикалык чара көрүүнү такай эле суранып жүргөнү белгилүү болду. "Эгерде Солли менен иштешкен агенттик анын суранычына жоопкерчиликтүү мамиле кылып же жок дегенде, анын абалы оор болуп жатканы үчүн психолог таап бергенде, ал өз жанын кыймак эмес" деп жазылат маалыматтардын биринде. Айрым учурда Солли Инстаграм баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып, ага катталгандардын жазганын окуп жатып, ыйлап жиберген күндөрү да болгон. "Эмне үчүн мен тууралуу жаман сөздөрдү жаза бересиңер? Жок, мен жаман адам эмесмин" деген кыска видеосу учурда көп таратылууда. Бирок учурунда бул кайрылууга хейтерлер "калп эле ыйламсырап, өзүнө элдин көңүлүн бурдургусу келип жатат" деп сындашкан болчу.

Атактууну акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн өтүүдө. "Солли өзүн өлтүргөн жок, аны хейтерлер өлтүрдү" деген жазууну анын миллиондогон күйөрмандары жана көңүл ачуу чөйрөсүндөгү кесиптештери бөлүшүп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Apyn8793
2019-10-16 17:17:48
Озун жонундо кечке эле жаман создорду жаза беришсе жаман эле болуш керек, эгер мага ошентип жазышса к..унорго эле кирип кеткиле демекмин
+1
Mintip-menu-suybo
2019-10-16 22:08:05
Биздин Анжеликабыз молодец экен анда...
+1
Aikaaaa
2019-10-17 00:58:10
Ошонүчүн соцсеттерге өзүнүн туалетке кантип барганыңан өйдө жазбай, сүрөттү аз чыгарыш керек болчу. Элдин оозун ким тыят, өзүң талкууга жем тыштап атканың менен ишиң жок. Счастье любить тишину деп койчу беле, суук сөздөн оолак болгонго
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан