Эки кыргыз мушкери өспүрүмдөр арасындагы Азия чемпиондугунда күмүш медаль жеңишти

Өспүрүмдөр арасындагы бокс боюнча Азия чемпиондугу Бириккен Араб Эмирликтеринде жыйынтыкталды. Анда эки кыргыз мушкери финалга чейин жетти.

15 жаштагы Арген Бактыбеков 80 килограммдан жогорку салмакта күч сынашып, тажик, иран жана үй ээсинин мушкерин жеңген. Финалда ал өзбек мушкери менен беттешип, жеңилип калды. Жыйынтыгында күмүш медалга ээ болду.

16 жаштагы Халит Алиев 80 килограммга чейинки салмакта беттешип, өзбек жана казак мушкерин уткан. Финалда ал кытайлык спортчуга жеңилип, күмүш медаль тагынды.

Ошондой эле Даниэл Абдрахманов, Кабатай Мукаш уулу, Сагын Сатыбалды уулу жана Бекбол Мурасбеков коло медаль жеңишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Aidar.001
2019-10-18 00:10:59
Ямман катта балдар го 15, 16 жаштагылар
0
elb_2121
2019-10-18 02:32:43
Азаматтсынар куттуктайбыз келечектин жигиттери буйруса
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан