Жети-Өгүз райондук прокурорунун орун басары жана тергөөчү алган парасын кайтарып жаткан учурда кармалды

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда прокурордун орун басары жана тергөөчү алган парасын кайтарып жаткан убакта кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 16-октябрь күнү УКМК Башкы прокуратуранын өздүк коопсуздук жана кызматтык териштирүү бөлүмү менен биргеликте ыкчам-тергөө иш-чараларын өткөрүшкөн. Анда Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылында 60 миң сом параны кайтарып жаткан учурда райондук прокурордун орун басары А.Н. жана Жети-Өгүз РИИБинин тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсү Б.Э. кармалган.

"Э.А. аттуу жарандын кылмыш ишин кыскартуу үчүн кармалган кызматкерлер 100 миң сом акча талап кылышкан. Ал эми ал жаран кызматкерлерге 60 миң сом акча берген. Учурда кармалган жарандардын иши Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Ошондой эле алар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurik929394nur
2019-10-18 11:36:19
прокуратура колго тушштуу бирокк ким екени айтылбайт
+1
Jelezo
2019-10-18 12:17:27
Кыргызстанда сот,милиция,прокурордун 95 пайызын кармап отурбай эле камай берсе болот .баары паракор.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан