Ошто күйөөсү аялы менен уруша кетип, жини менен терезени чаап, айнек оң колунун кан тамырын кесип кеткен

Ош шаарында күйөөсү аялы менен уруша кетип, күйөөсү жинденген абалда терезени чаап, айнек оң колунун кан тамырын кесип кеткен. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя 14-октябрда болгон. Анда Ош шаардык "Тез жардам" кызматынан милицияга кан тамыры кесилген жаран боюнча маалымат келип түшкөн.

"28 жаштагы жаранга ошол замат амбулатордук жардам көрсөтүлгөн. Учурда абалы жакшы. Бул факты боюнча арыз келип түшкөн эмес. Ош ШИИБинин маалыматтарды каттоо китепчесине "кокустук" деп катталган", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
erkinali858585
2019-10-18 16:40:24
Ушуга окшогон жаңылыктардын эмне кереги бар??
+3
raykray
2019-10-18 22:55:31
erkinali858585,ошону айтпайсынбы, ушунун ордуна Кытай толо деп жаткан карыз тууралуу жазасын э
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан