15-октябрда Биринчи Май районуна караштуу Калыс-Ордо жаңы конушунда мэрияга караштуу 7 гектар жерди 100дөй адам басып алууга аракет
кылышкан.
Бишкек шаардык мэриясына караштуу жерди пайдалануу жана куруу башкармалыгынын жетекчиси Талант Иманкан уулу расмий түрдө Биринчи Май РИИБинин башчысына кайрылып, массалык басып алуу уюштуруп жаткан жарандарга чара көрүүнү сунуштаган.
Бишкек ШИИББинин маалыматына ылайык, Биринчи Май райондук соту жерди басып алууга аракет кылган 1983-жылы туулган О.А.ны 2 айга СИЗО-1ге камакка алуу чечимин чыгарган.
Бишкек мэриясы муниципалдык жерлерди басып алуу мыйзамсыз экендигин эскертип, мындай учурда тиешелүү чара көрүлөрүн билдирди.