Египеттин археологдору өлкөнүн түштүк тарабындагы Луксор шаарында жайгашкан аль-Асасиф көрүстөнүнөн фараондордун 22-династиясынын башкаруусуна таандык болгон мумия салынган 30 түстүү саркофаг (табыт) табышты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү ЖМКлары билдиришти.
Табылга жер катмарынан 1 метр тереңдикте болгон. Биринчи катарда 18 табыт, ал эми экинчи катарда 12 табыт жаткан. Аларда эркектердин, аялдардын жана 3 баланын мумиясы салынган. Табыттардын жашы 3 миң жыл деп айтылууда. Сыртына жазылган жазуулар да ушул күнгө чейин мыкты сакталган. Ошондой эле алар заманбап доордо табылган эң маанилүү археологиялык табылга экендиги, табыттардын бири да бул күнгө чейин ачылбагандыгы айтылды.
Маалым болгондой, табыттар оңдоп-түзөөдөн өткөрүлгөндөн кийин Египеттеги Гиза пирамидасынын жанына ачыла турган музейге коюлат.