Оштун "Алай" клубунун ганалык футболчусу Жоэл Кожо кыргыз кызына үйлөндү. Бул тууралуу аталган клуб маалымдады.
Маалым болгондой, үйлөнүү тою кечээ, 20-октябрда болуп өткөн. Жоэл Кожонун жубайынын аты Айзада Жыргалбекова.
Жоэл Кожо "Алай" командасынын башкы чабуулчусу. Ал быйылкы сезондо 15 гол киргизгенге жетишкен.