Муниципалдык унаанын айдоочулары жол кыймыл эрежелери боюнча экзамен тапшырышты

"Бишкек жүргүнчүлөр автотранспорт ишканасы" муниципалдык ишканасы өткөргөн инструктаждын алкагында, муниципалдык унаанын айдоочулары тест тапшырышты. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда айдоочулар жол эрежелерин билүү жана транспортту эксплуатациялоо боюнча сынак тапшырышкан.

"Бул инструктаж 9-11-октябрга чейин болду. Натыйжада тест тапшырган 343 айдоочунун ичинен 188 айдоочу керектүү баллды ала албай калган. Аларга 16-октябрга чейин убакыт берилип, сынакты кайра тапшыруу менен бул тесттен өттү. Ал эми 24 адам кечиримдүү себептер менен сынакка келген жок", - деп айтылат маалыматта.

SUPER.KG порталы айдоочулардын оюн угуп көрүү максатында №21 муниципалдык унаанын айдоочусуна байланышты. Атын атагысы келбеген айдоочу: "Бизге жол кыймыл эрежелерин тапшыруу боюнча буйрук октябрь айынын башында келген. 9-октябрдан баштап бошогондорубуз барып тапшырып жаттык. Негизи инструктаждан жыл сайын өтүп турабыз. Бул жолкусу Күн-Туу айылында автобуска кыпчылып каза болгон баланын окуясына байланыштуу жүргүзүлдү болушу керек", - деген оюн билдирди.

Маалым болгондой, Бишкек шаарынын мэриясы жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыздоо үчүн коомдук транспорттун ишин көзөмөлдөөнү күчөтүү максатында айдоочуларды сынактан өткөрүүнү улантат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан