Арстан Алайдын "Кудаймын" деген сөзү боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Биринчи Май РИИБи бул фактыны Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 313-берене "расалык, этностук, улуттук, диний же региондор ортосундагы кастыкты козутуу" беренеси менен каттап, сотко чейинки өндүрүшкө алды.
"Учурда териштирүү иштеринде эки экспертиза дайындалды. Диний жана лингвистикалык экспертизанын жыйынтыгы чыккандан кийин анан юридикалык баа берилет", - деп билдирет басма сөз кызматынан.
Буга чейин Арстан Алайдын "Мен Кудаймын" деген сөзү экспертизага жөнөтүлгөнүн Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Зайырбек Эргешов Жогорку Кеңештин жыйынында билдирген. Ал анын жыйынтыгы менен ага чара көрүлө турганын айткан. Кийинчерээк Бишкек ШИИББи Арстан Алайдын "Кудаймын" деген сөзү үчүн сотко чейинки өндүрүш ишин баштаган.