Бүгүн, 22-октябрда президент Сооронбай Жээнбеков Япониянын императору Нарухитонун такка отуруу аземине катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, такка отургузуу аземи Токио шаарындагы император сарайында болуп өттү. Анын жүрүшүндө Нарухито сарайдын башкы залында императордук такка отурду, императордук наамы жана кызмат кылууга антын расмий кабыл алуу жарыяланды.
Иш-чарага мамлекет башчылары, түрдүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, дүйнөнүн 195 өлкөсүнүн дипломатиялык корпусунун өкүлдөрү катышты.
Японияда белгилегендей, бул иш-чара Япониядагы императорду такка отургузуу эң ири аземи болду.