Бүгүн, 23-октябрда Конституциялык палатада Алмазбек Атамбаевдин экс-президент деген макамынан ажыратылышы боюнча кайрылуу каралууда. Соттук отурум башталганда жактоочу Нурбек Токтакунов сүйлөдү. Ал бүгүнкү соттук коллегиянын төрагасы Асылбек Жээнбековдун кеңешчиси болгон деген жүйө менен аны алмаштыруу өтүнүчүн келтирди. Соттук коллегия кеңешме залынан чыккандан кийин өтүнүч канааттандырылбаганын айтышты. Соттук коллегия анын төрагасы менен Асылбек Жээнбековдун эч кандай мамилеси, байланышы жок экенин, аны алмаштырууга негиз жок экенин белгилешти.
Ушул жылдын июнь айында Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Атамбаевди экс президент макамынан ажыратуу чечимин кабыл алган болчу.