Орусиянын Санкт-Петербург шаарындагы кесилиш көчөлөрдүн биринде эки унаанын кагышуусундагы ири жол кырсыгы катталган. Кырсыктан 8 киши жабыркаганын орусиялык маалымат булактары жазышууда. Маалыматты Ленинград облусунун полициясы дагы тастыктаган.
"Белгилүү болгондой, Лермонтов кең көчөсүнөн Renault жана Volkswagen үлгүсүндөгү эки унаа кагышкан. Кагышкан унаалар жөө адамдар өтүүчү өтмөктөн бара жаткан жүргүнчүлөрдү сүзүп, жолдун четине чыгып кеткен. Аталган окуя видеого түшүп калган. Жабыркагандардын ичинен 7 адам жөө жүргүнчүлөр болсо, алардын бирөө айдоочу", - деп айтылат маалыматта.
Аталган окуя боюнча Орусиянын ички иштер бөлүмү тарабынан иш козголуп, учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Айдоочулардын бирөө өзбек улутундагы Кыргыз жараны экендиги тууралуу бейрасмий маалыматтар тарады. Аталган маалыматты тактоо үчүн SUPER.KG порталы Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигине кайрылды. Элчилик аталган окуя боюнча маалымат тактала электигин, расмий маалымат кийинчерээк бериле турганын билдирди.