Чүй облусунун Сокулук районунда унаанын багажынан эркек кишинин жансыз денеси табылды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 23-октябрда Комсомол айылынын тургуну ички иштер органдарына бир тууган байкеси 22-октябрь күнү саат 21:20 чамасында аэропортту көздөй чыгып, ошол бойдон кайтып келбегенин айтып арыз жазган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
"Ыкчам иликтөө тобу издөө иштерин жүргүзүп, жыйынтыгында 23-октябрь күнү саат 20:00 чамасында унаанын багажынан изделип жаткан адамдын жансыз денесин табышкан. Денеге алдын ала кароо жүргүзгөндө маркум күч колдонулуп өлтүрүлгөнү аныкталган. Анын аты-жөнү аныкталып, 39 жаштагы К.Х. аттуу жаран экени аныкталган. Учурда бул иштин бетин ачууга Чүй ОИИББинин Сокулук РИИБинин тажрыйбалуу кызматкерлеринен ыкчам топ түзүлүп, иликтөө иштери башталды. Ошондой эле бардык соттук-медициналык экспертизалар дайындалды", - деп жазылат билдирүүдө.
Ал эми айрым маалыматтарда маркумдун жансыз денеси табылган машина "Манас" эл аралык аэропортунун унаа токтотуучу жайынан табылган.