Бүгүн, 24-октябрда Жогорку Кеңеште Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фондунун 2018-жылга бюджетинин аткарылышы жөнүндө отчёту каралды.
Депутат Аида Исмаилова аталган фонддун жетекчилиги бул тармакты реформалоо жаатында өтө чоң убадаларды бергенин эске салып, алардын жүргүзгөн ишин сынга алды. "Мен өзүм эринбей иликтеп чыктым, акыбал анчалык жакшы эмес экен. Фонддун башчысы өзү дайындаган жетекчилердин эле сөзүн укпай, катардагы дарыгерлердин да алгылыктуу пикирлерин эске алышы керек. Мисалы, таптакыр туура эмес аракеттердин айынан үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иши ойрон болду. Лабораторияларды борборлоштурабыз деп жатып, сыркоолорду кыйынчылыкка кептеп салдык. Шаардын четинде жашаган жарандар анализдерин борборго келип тапшырууда", - деди ал.