Лионель Месси жаңы рекорд койду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Анда карьерасында сан жеткис ийгиликтери болгон аргентиналык супер жылдыз Чемпиондор лигасынын тарыхында кала турганы айтылган.
"Барселонанын Славия Праганын талаасында ойногон оюнунда командасынын алгачкы голун киргизген Месси, Чемпиондор лигасында 15 сезон бою гол киргизе алган алгачкы оюнчу болду. Супер жылдыздын карьерасында "Барселона" менен бул сезондо бир тайпада ойногон "Интер" жана "Боруссия Дортмундга" гол киргизген жок. Месси бул эки командадан бирөөнө киргизсе, рекорддун жалгыз ээси болот", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, 32 жаштагы жылдыз Чемпиондор лигасындагы карьерасында 114 жолу топту дарбазага киргизген.