Кыргызстандын 4G LTE-лидери бүт өлкө боюнча төртүнчү муундун түйүнүнүн сапатын жакшыртууну улантууда. Бул жумуштардын натыйжасында О! Мобилдик операторунун 4G LTЕ түйүнүнүн сыйымдуулугу акыркы жылда 2,5 эсеге өстү.
Кыргызстандыктар үчүн бул эмне дегендик?
Жалпысынан 2019-жылы мобилдик интернеттин 4G-ылдамдыгынын жана байланыш сапатынын жакшыргандыгын алыс жайгашкан 1300дөн ашуун калктуу конуштардын тургундары байкай алышты.
Мобилдик технологиялар бизнести ыкчам жүргүзүүгө жана өлкөнүн башка бурчунда туруп эле маселелерин чечүүгө, чет өлкөлүк эксперттерден билим алууга жардам берет. Жогорку ылдамдыктагы технология кыргызстандыктар тарабынан көп керектеле баштады, акыркы 2 жылдын ичинде О! түйүнүнүн интернет-трафигинин көлөмү алты эсеге өстү. Бүгүнкү күнү смартфондор менен кыргызстандыктардын 70%ы колдонот.
О! Мобилдик операторунун байланышчылары байланыштын сапатын күнү-түнү көзөмөлдөп турушат. Түйүндүн сыйымдуулугу жана камтуусу боюнча жакында эле аткарылган жумуштар төмөндөгү аймактарды камтыды:
Лидерден 4G сигналын күйгүз!
О! Мобилдик оператору –4G LTE-түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын гана эмес, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн арасында дагы лидер болуп саналат. О! Мобилдик оператору Кыргызстандын калкынын 95%ын төртүнчү муундагы зымсыз технология менен камсыздап жатат.
Камтуу картасы www.o.kg сайтында "Түйүн камтыган аймак" бөлүмүндө жеткиликтүү.