Жалал-Абад шаарынын аймагында мурда коомдук тамактануучу жайды бүгүнкү күндө белгисиз атуул сойкукана катарында иштетип жаткандыгы боюнча ыкчам маалымат милиция кызматкерлерине келип түшкөн. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "сойкулукка жана ыпластыкка көмөктөшүү" болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-аракеттердин натыйжасында, Жалал-Абад шаарынын Байзаков көчөсүндө Ф. аттуу аял мончо-саунаны сойкукана катары уюштуруп, кыздарды ыплас иштерге иштетип жаткандыгы аныкталган. Аталган жайга тинтүү жүргүзгөндө имараттын ичинде 8 аял киши бар болгон. Алардын арасында Өзбек жарандары да бар экендиги аныкталып, тийиштүү далил буюмдар жана акча каражаттары тергөө кызматы тарабынан акт түзүлүп алынган. Тергөөнүн жүрүшүндө аталган жайды сойкукана катары уюштуруп иштеткен Сузак районунун тургуну 1972-жылы туулган И.Ф. аттуу аял экендиги аныкталып, тергөө кызматына камсыз кылынды. Бүгүнкү күндө сотко чейинки өндүрүш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.