Нарында 150 орундуу жаңы мектеп пайдаланууга берилди. Ал негизинен демөөрчүлөрдүн эсебинен курулган

Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылындагы 150 орунга ылайыкташкан билим уясы пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мектептин ачылышына билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков катышып, окуучуларды жакшы билим алууга үндөп, курулушка салым кошкон демөөрчүлөргө, жергиликтүү элге ыраазычылыгын айтты.

"Арсы орто мектебинин мурдагы имараты ашар жолу менен 1960-жылы курулган. 2016-жылы Кочкор райондук жарандык коргонуу комиссиясы тарабынан мектеп авариялык абалда деп табылган.

Жаңы мектептин курулушу “Ассанабилл” кайрымдуулук фондунун программасы менен өткөн жылы ноябрь айында башталып, фонд тарабынан 100 миң доллар бөлүнгөн. Жергиликтүү ишкер Эркин Дегенбаев 20 миң доллар өздүк салым кошкон. Мындан сырткары, жергиликтүү бийлик 250 миң сом, Кочкор коомунун өкүлү 260 миң сом кошумча каражат берген.

Мектептин ашканасы 60 орунга мерчемделген", - деп айтылат маалыматта.

Кочкор районунун Семиз-Бел айыл өкмөтүнө караштуу Арсы айылында 145 түтүндөн ашык эл жашайт. 2019-2020-окуу жылында Арсы орто мектебине 138 окуучу мектеп босогосун аттады.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
elchi84
2019-10-26 14:12:17
Өзүн өр ашар жолу менен куруптур министрди чакырбай эле ачылышын кылбапсынар да.
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан