Орусияда Рамиль Шамсутдинов аттуу 20 жаштагы аскер кызматкери өзү менен бирге кызмат өтөгөн 8 адамды атып өлтүрдү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Орусиянын Улетов районунда жайгашкан аскердик бөлүктө ок атылып, анын кесепетинен 8 адам каза таап, дагы экөө жарадар болгон.
"25-октябрь күнү жергиликтүү убакыт боюнча саат 12:20лар чамасында кароол алмашып жаткан убакта оңдоп-түзөө техникалык базасынын аскер кызматкери өзүнүн бирге кызмат өтөгөн өнөктөштөрүнө карата табелдик куралдан ок чыгарган. Орусиянын коргоо министринин алдын ала берген маалыматы боюнча, аткан адам кылмышка депрессиянын жана нервинин чыңалуусунун айынан барган. Кылмышка шектүү окуя болгон жерден качып кеткен", - деп айтылат маалыматта.
Каза тапкандардын арасында 30 жаштагы капитан, 29 жаштагы улук лейтенант жана калгандары 19-20 жаштардагы аскер кызматкерлери болгондугу айтылууда.
Учурда кылмышка шектүү колго түшүп, тергөө амалдары жүрүп жатканы маалым болду.