Бүгүн, 26-октябрда Баткен районунун Жака-Өрүк аймагынын Орто-Боз айылынын тургундары Ош-Исфана жолун жарым саатка тосушкан. Алардын жолду бууганына Тажик тараптын Кыргыз жаранын камап койгону себеп болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына барымтага алынып, үч күндөн бери дайынсыз болуп жаткан жаран Асылбек Каримовдун бир тууган агасы Абдисамат Каримов айтып берди.
Каримовдун айтымында, анын бир тууган иниси Тажик тараптын "Чарку" базарына 24-октябрь күнү эртең мененки саат 10:20лар чамасында кирип, бүгүнкү күнгө чейин ал жактан чыга элек. Мындан улам ал жолду бууп, тиешелүү тараптарга кулак кагыш кылууга аракет жасаган.
“Менин иним 24-октябрда Тажикстандын "Чарку" базарына барган. Алардын базарына жакын, чектеш жерде жашайбыз. 6 чакырымдан кийин эле тажиктердин базары башталат. Иним унаасын Кыргыз өлкөсү тарапка коюп, Тажикстандын унаасы менен базарга түшкөн. Ал жакта базарда жүрсө, инимди милиция кызматкерлери кармап кетишкен. Иним ал жакка кеткенден бери үч күн болду, андан бери дайын жок.
Мен эч айлам калбай, жергиликтүү бийликке кулак кагыш кылып жолду жаптырдым. Анткени инимдин үй-бүлөсү кан жутуп жибергендиктен, аларды көрүп тынч тура албадым. Тажиктерден сурасак, алар айтпай жатышат. Тиешелүү тараптарга, депутаттарга дагы айттык. Инимдин 5 баласы бар. Эң улуусу 1-класста окуйт, эң кичүүлөрү эгиз кыздар. Эгиз кыздары 2 айлык. Биз жолду жапкандан кийин Баткендин акими, милиция кызматкерлери келип жолду ачтырышты. Тажик тарап инимди 6-бөлүмдө деп айтып жатышат. Бүгүнкү күндө дагы инимдин дайыны чыга элек. Тажик тарап чек араны бузуп киришкен деп айып коюп жатышыптыр. Бирок кошуна калкпыз, алар бизге, биз аларга кирип алака түзүп келгенбиз. Биздин базарда Тажик тарап каалагандай жүрүшөт. Алар тараптан биз тарапка жасалган мамиле адилетсиз болуп жатат.
Биздин үй Тажик тарапты аралап кирет. Негизи бул жерде аралашып эле жашайбыз. Азыр эле 2 баланы чыгарышканын өз көзүм менен көрдүм. Бирок балдар мурункудай эмес, бутун эзип сабашканы көрүнүп турат. Бул жерден чынында ушунчалык тажадык же чоңдорубуз жыйынтыктуу чечип беришпейт. Бул жерди аргасыз таштап кетүү жолубуз эле калды окшойт”, - деди Каримов.
Буга чейин 16-сентябрда Кыргыз-Тажик чек арасында ок атылып, 41 жаштагы чек арачы Равшан Муминов каза болуп, 13 жаран жаракат алган. Башкы прокуратура каза болгон чек арачынын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгогон.