Бишкекте өтүп жаткан бал жарманкесинен фоторепортаж

Бишкек шаарында жергиликтүү өндүрүүчүлөргө арналган бал жарманкеси жыл сайын өткөрүлүп, ал салтка айланган. Быйылкы жылы дагы аталган жарманке Жеңиш аянтында өтүп жатат. Сатуучулардын айтымында, былтыркы жарманкеге караганда, быйыл сатып алуучулардын саны бир кыйла аз болууда. Анын себебин Елена Передерина элдер ден соолугуна, балким, жакшы көңүл бөлбөй жатат деп түшүндүрөт. Анткени ал балдан өткөн ден соолукка даба боло турган азык табуу кыйын экенин айтты.

"Бал жарманкесине 15-сентябрдан бери катышып жатабыз. Бул жерде турганыбызга бир айдан ашуун убакыт болуп калды. Балдын орто баасы 280-300 сом болуп жатат. Бул жердеги балдын баары жергиликтүү өндүрүүчүлөрдүн колунан чыккан. Тактап айтканда, Талас, Чүй, Ош жана Ысык-Көлдүн балы бар. Чынын айтканда, былтыркы жылга салыштырмалуу быйыл соода жакшы эмес. Балким элдер өздөрүнүн ден соолугунан аянып жатышабы же башка себептери барбы аны айта албайм. Бирок азыркы заманда балдан өткөн ден соолукка пайдалуу азыкты табуу чынында кыйын", - деди сатуучу Елена Передерина.

Ал эми Токтогулдан алып келген балы менен жарманкеге катышып жаткан Сүйүмкан Тууганбаева бал өндүрүү оор иш экенин айтат. Ал кесиби мугалим экенине карабай, жолдошуна кол кабыш кылып, көп жылдан бери бул тармакта экөө чогуу алектенип келе жатышат.

"Жарманке жакшы болуп жатат. Негизи кесибим мугалим. Бирок жолдошума жардам берип, көп жылдан бери бал менен иштеп келе жатабыз. Анткени бал өндүрүү оңой иш эмес. Ал бир эмес, бир нече кишинин эмгегин талап кылат. Мындан улам, бул тармакта бизге жардам берген жардамчыларыбыз бар. Жардамчың болбосо, иштин бүтүшү кыйын", - деди Тууганбаева.

Сүйүмкан Тууганбаеванын жолдошу Улар Назаралиев бал аарычылык менен 35 жылдан бери иштеп келе жатканын жана бул тармакта терең билимге ээ экенин айтты. Ал жергиликтүү бал өндүрүүчүлөргө мамлекет тарабынан көңүл бөлүнүп, алардын балын дүңүнөн сатып алган тарап болсо жакшы болмок деген ойдо.

"Өзүм 35 жылдан бери бал аарычылык менен алектенип келе жатам. Бирок бал өндүрүүнүн кыйынчылыгы өзүнчө, аны сатуунун кыйынчылыгы дагы өзүнчө болот экен. Бал жарманкесине катышып келе жатканыбызга 8 жылдан ашып калды. Өндүргөн балыбызды дүңүнөн алган кардар болуп, алар менен иштешсек жакшы болмок", - деди ал.

Жеңиш аянтында өтүп жаткан бал жарманкеси 3-ноябрга чейин уланат.

Умар Назаралиев: "Өндүрүлгөн балды дүңүнөн алган кардар болсо жакшы болмок"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан