АКШнын Жон Хопкинс университетинин изилдөөсү боюнча Кыргыз өлкөсү саламаттыкты сактоо коопсуздугу жаатында 47-орунда турат.
Аталган изилдөө 2019-жылдын жыйынтыктары боюнча изилденип, тизмеге жалпы 195 өлкө кирген. Кыргыз өлкөсү мурунку СССР өлкөлөрүнөн Балтика мамлекеттерин, Грузия жана Армениядан кийинки эле орунда.
Тизмеде Орусия 63, Казакстан 83, Украина 94, Өзбекстан 116, Тажикстан менен Түркмөнстан 130, 135-орундарды ээлеген. Алдыңкы орунда АКШ турат.