Жети күндөн бери дайынсыз болуп жаткан Асылбек Каримов үй-бүлөсүнө кайтарылды. Тажик тарап аны катуу сабаган себептен өлкөгө кайтарбай жаткан

24-октябрда Тажикстандын "Чарку" базарына кирип дайынсыз болуп жаткан Таш-Тумшук айылынын тургуну Асылбек Каримов үй-бүлөсүнө кайтарылды.

Бул тууралуу Асылбек Каримовдун иниси Нуртилек Каримов SUPER.KG порталына билдирип, төмөнкүлөргө токтолду.

"Агам Асылбек Каримов 31-октябрдан 1-ноябрга караган түнү саат 2:00дө бизге кайтарылды. Бирок абалы жакшы эмес. Тажик тарап агамды катуу кыйнап, сабашкан. Агамдын айтканын айтып жеткире албайм. Анткени аны токко коюп катуу кыйноого алышкан. Буга чейин ар шылтоону айтып, агамды чыгарбай жатышканынын дагы себебин түшүндүк. Анткени алар агамды катуу сабаган себептен көрсөтпөй жаткан экен. Буга чейин кээ бир маалымат каражаттарына Асылбек Каримовду бир тууганына жолуктуруп келдик деп маалымат таратышты. Бирок бул маалымат чындыкка коошпойт. Ооба, жолуктуруу үчүн алып барган, бирок жолугушуу болгон эмес. Агамды бүгүн көрдүк, жардамыңыздар үчүн рахмат", - деди иниси Нуртилек.

7 күн дайынсыз болгон Кыргыз жараны Тажикстандан кайтарылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
tavanova.sarah
2019-11-01 09:29:37
Чондор отураш ооздорун ачыыыып. Шайлоо алдында оздоруну пиарлап коюп. Ушуга окшогон маселелерди карабай, болбогон мыйзамдарды чыгарышып!
+17
Saiit
2019-11-01 09:51:53
Тажиктердин мафиялык ойуну акча сындырабыз деп окшошпой калган!! .Бул учун тажик бийлигине натоо жонотуу керек мындай окуя кайталанбоосу зарыл! Бул биринчи жолку эмес карапайым калктын укугун олко ото дыкаттык менен коргоосу керек!! Тажиктер динден кумоон санага калк булардын колунан бардык жамандыкты кутсо болот!
+10
katerina.li
2019-11-01 10:30:41
Saiit,натоо деп алыпсынго,ой борум ай. Диндин бул жерде кандай тиешеси бар?? Деги эле акча козуно корунгондо азыркы учурда динди деле унутуп коюшат. Бир эле тажикте эмес бизде деле андай милиция толтура. Же калп айтамбы??
+1
katerina.li
2019-11-01 10:20:41
Депутаты эмне бул ишти алып чыкпайсынар талкууга,кайдагы бир башы ооруган арстан алайды бир жума соз кылдынар эле?? Же баткен эли Кыргызстанга кереги жокпу??
+7
katerina.li
2019-11-01 10:35:00
Бир кезде Американын эки айымы Туштук Корея дан кеме менен чыгышып,кокустук менен тундук Кореянын аймагына кирип барып калышкан. Анан аларды тундук Корея нын солдаттары кармап кетишкен. Ошол эки айымды олум жазасына тартып коюшмак. Билл Клинтон озу барып,Кореянын башчысына жолугуп куткарып алып чыгып кеткен. Кордунорбу,АКШда кандай баалашат оздорунун элин. Болбосо ии ,камаса камап койду да деп жата беришсе болмок да алар деле. Байкуш байкени бир жума сабашыптыр,эч дыбыш чыкпайт ак уй кок уйдон
+12
elchi84
2019-11-01 11:45:35
Биздин чондор уруп ойнобойт элди кымындай да гы ойлобойт.Кресло талаш акчаларды кантип кымырып алсак экен деген ой менен журушот.
+7
bond02
2019-11-01 11:59:10
Ушинтип четинен кыргыздарды бирден экиден алып кетип сабай берсин журогунун суусун алып, а биздин чондор корбогондой укпагандай отурушат. Колдон эч нерсе келбесе тажик тарап менен мамилени узуп ал жакты совсем жаап салыш керек.
+7
Zhoro
2019-11-01 16:34:17
Отура бер Кыргыз, чыдай бер Кыргыз, шайлоо откоро бер Кыргыз дагы канча!?
+3
News
2019-11-01 18:54:28
Учурда таджик Кыргыздын ортосунда абал туруксуз болуп турганда, бул жигитта коюп турса болмок, анын үстүнө чекарадан мыйзамсыз өткөн деп жатат, албетте өзү күнөөлүүда, бираз коё туруш керек эле.
-3
bond
2019-11-02 00:28:35
Тажикстанда балее барбы ортодогу абалды карап иш кылгыла да.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан