Көпчүлүк жакшылыгын түшүм маалы деп күз мезгилине пландайт. Дал ушул тапта той көбөйүп, аны өткөргөндөр да, ага баргандар да өз түйшүктөрү менен убара. Ага баргандардын конверт көтөрүп баруусу кадыресе көрүнүш болуп калды. SUPER.KG порталы шаар тургундарынан "Тойго алып барган конвертке канча акча саласыз?" деген сурамжылоо жүргүздү.
"Бир айда 2-3 жолу барам тойго, кошумча той берген кишинин шартына жараша алып барам. Кээ бирөөнө 3 миң сом, 5 миң сом, жакын киши болсо мал алып барам. Тойлордун санын азайтмак турсун жоготуу керек. Элибиздин илгертен берки кагазга жазылбаган өзүнүн мыйзамдары бар, ошону колдонуу керек бул жерде. Той дегенди таштагыла, тойдон эч пайда жок. Өзүңөр деле тойго барып жүрөсүңөр, артисттерди көптүрдүк. Бул да ашыкча чыгым. Ичип-жеп, бийлеп анан аягында сакалдуу сиз экенсиз, бата берип коюңуз дейт. Анан биз да телтеңдеп келип эки жаш бактылуу болсун деп коёбуз".
"Эми эч болбой калды дегенде 2 миң сом алып барабыз. Негизи андан көп, туугандарга 5 миң сомдон аз кошо албайбыз. Эми азайтканда жакшы болмок, мисалы, бул кыз узатуу деген тойду жөн эле койсок жакшы болмок да. Эми менин деле үч кызым бар, бирок, ашыкча эле чыгым экен. Тойго барганда деле жакшы кийинип, жасанып барыш керек. Аялдар бир эле көйнөк кийип бара албайбыз, эркектер го бир костюмду кийип кете беришет".
"Айына эки-үч жолу барабыз. Жок дегенде 2-3 миң сом алып барабыз. Тойлордун санын азайтуу деле туура бирок, жакшылыктар болуп турганы жакшы. Эми өтө деле чыгым көп чачуунун кажети жок деп ойлойм. Бирок той болуп турганы жакшы".
"Мисалы, өткөн айда 2 тойго бардым. Катышка жараша алып барам. 2 миң сомдон 10 миң сомго чейин. Эми азыркы тойканалардын санын көрүп, өлкөбүз той менен эле жашап атабы деп ойлоп кетем. Тойдун болуп турганы жакшы. Кээ бирөөлөр кредит алып той өткөрүп, кайра төлөй албай калып атат, бул жагынан жаман эле. Мүмкүнчүлүк болсо берүү керек тойду. Атаандашуу жакшы, бирок мүмкүнчүлүккө карап жашашыбыз керек да".