Бүгүн, 4-ноябрь күнү "Жылаңач баатыр" долбоорунун финалчысы, ырчы Кудайберди Айтбосуновдун үйлөнүү тою башталды. Учурда эки жаш жоро-жолдоштору менен сейилдеп жүрүшөт. "Кудайберди менен Айчүрөк толкунданып, азыр сүрөтчүлөр менен убара болуп жатат", - дейт Кудайбердинин досу, ырчы Темир Дамирбеков.
Эске салсак, Кудайберди Айтбосунов сүйүктүүсү Айчүрөк менен көп жыл сүйлөшүп, баш кошкон. Жаштардын тою кечинде Бишкектеги тойканалардын биринде уланат.