Бишкекте Мерседес-Бенц унаасы 82 жаштагы апаны сүзүп кетти

Бишкекте Мерседес-Бенц унаасы 82 жаштагы апаны сүзүп кетти. Бул тууралуу шаардык жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде тактап айтканда, "Hyatt Regency" мейманканасынын жанында болгон.

Жабырлануучуга кырсык болгон жерде биринчи жардам көрсөтүлүп, андан соң ооруканага жеткирилген.

Жеринде кызматкерлер иштеп жатат. Кошумча маалымат берилет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан