Борбордогу Ак-Өргө конушунда үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жаңы имараты курула баштады. Бул тууралуу шаар мэриясынан билдиришти.
"Ак-Өргө конушунда медициналык борбордун курулушу башталды. Ал үчүн 0,56 гектар жер тилкеси бөлүнүп берилген. Бул борбор бир кабаттан турган эки имарат болуп курулат. Долбоордун жалпы каражаты 7 миллион сомду түзөт. Медициналык борбор демөөрчүлөрдүн жардамы менен башталды. Бирок келишим боюнча, ал бүткөн соң муниципалитеттин балансына өткөрүлүп берилет", - деп айтылат маалыматта.
Маалым болгондой, Ак-Өргө Бишкектеги ири конуштардын бири болуп саналат. Анда жалпысынан 21 миң 744 адам жашайт.