Кыргыз курама командасы 9-ноябрда Ташкентте Өзбекстан менен жолдоштук беттеш өткөрөт. Бирок бул беттешти түз алып көрсөтүүгө болбойт. Бул тууралуу өзбек басылмалары жазышты.
Мындай чечим Өзбекстан командасынын машыктыруучусу Вадим Абрамовдун суранычы менен болгону айтылды.
"Машыктыруучунун бул кадамын алдыда боло турган 2022-жылга карата Дүйнө чемпиондугунун тандоо турларына байланыштуу деп түшүндүрүп жатышат. 14-ноябрда Өзбекстан курама командасы өз талаасында Сауд Арабия менен беттешет. Абрамов каршылаштарынын машыктыруучунун түзгөн тактикасын көрүүсүн каалабайт", - деп айтылат маалыматта.
Бул оюнду көрүүчүлөр стадиондон көрө алышат. Оюнга болгон билет баасы 38 сомдон 260 сомго чейин сатылууда.