Алпаруучу, актриса Назира Айтбекова жаңы тасмада роль жаратууда. Бул тууралуу Назира SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү билдирди.
"Режиссёр Сүйүн Откеевдин комедиялык жанрдагы жаңы тасмасына тартылып жатам. Тасмада 5 башкы каармандын бири, үй-бүлөлүү, кош бойлуу тың келиндин ролун ойнойм. Комедиянын иш жүзүндөгү аталышы "Кыз кыялы". Анда аял кишинин достугу, укугу жана акча тууралуу кызыктуу окуялар баяндалат", - деди ал.