ЖАМКнын Кайтаруу жана күзөт департаментинин дагы бир жоокери каза болду. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жоокер кечээ, 5-ноябрь күнү кечки саат 21:30 чамасында каза болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, ал жанындагыларга "өзүмдү жаман сезип жатам" деп айтып, андан соң каза болгон.
"Маркум 19 жашта. Ал Баткен облусунун Кадамжай районунун тургуну болгон. Ал аскерге ушул жылдын май айында келген. Учурда соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Экспертизанын жыйынтыгы менен гана анын өлүмүнүн себеби айтылат", - деп билдирди басма сөз кызматынан.
Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.
Буга чейин ЖАМКнын Кайтаруу жана күзөт департаментинин жоокери каза болгону белгилүү болгон.
Алдын ала маалыматтар боюнча ал жүрөк оорусунан улам каза болгону айтылган.