Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Ак-Кыя айылында эки кабаттуу турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына окурман билдирди.
Окурмандын айтымында, өрт бүгүн, 6-ноябрь күнү саат 05:00 чамасында башталып, 07:00дө өчүрүлгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча өрт үйдүн морунан чыккан.
Жабыркагандар жок.
"Эки сааттын ичинде үй толук күйүп бүтүп калды. Өрттү өчүрүүгө 3 унаа келген. Бирок алар үйдөгү буюмдарды сактап кала алган жок", - деп билдирди ал.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.