8-ноябрдан тарта Бишкектеги Горький жана 7-апрель көчөлөрүнүн кесилиши айланма жол болот. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматынан билдирет.
"Жолдун схемасын "Бишкек асфальт сервис" жана мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы иштеп чыгышкан. Айланма жол алгач пилоттук режимде иштейт. Бул күнү аталган кесилиште жол кыймылы татаалдашы мүмкүн. Көчөлөрдүн кесилишиндеги жол чырактар өчүрүлүп, жол белгилер орнотулат. Бул күнү Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлери иш алып барып, видеокамералар убактылуу өчүрүлөт", - деп айтылат маалыматта.
Бул тажрыйба оң натыйжа берсе жаңы айланма жол пайда болот.