super.kg logo
«Жылдын супер ыры»

Жыйынтык

Башка сурамжылоолор


Куудул Гүлжайна Атаканова Рахман Разыковго күлүк ат тартуу кылды

 

Куудул жана телеалпаруучу Гүлжайна Атаканова 10 жылдан бери сахнада жүргөнүн утурлап жеке концертин өткөрдү. Чыгармачылык кече 8-ноябрда Спорт ордосунун залында өттү. Концерт куудулдун тамашалары, ырчылардын шаңдуу музыкалары менен коштолду.

Гүлжайна Атаканованын концертин "Беш тапан" тобунун куудулдары ачып беришти.

Алар Гүлжайна Атаканова Спорт ордосунда концерт койгонуна, анысы аздай аншлаг менен өтүп жатканына таң калышса, бирде көрө албастык кылышты. Куудулдар Гүлжайна Атаканова Анжеликадай болуп өзүн пиарлап жатат дешти.

Ал эми сахнага чакырылган Гүлжайна айым бийиктиктен түшүп, "жадыра, жайна Гүлжайна..." деп чыгарма аткарды. Андан кийин келген коноктордун бири Дайыр Исмадияров "Аста, аста" ырын жаңыртты.

Концерттин кезектеги коноктору Бактарбек Абдыразаков, ырчы Ильяс Кудретов жана Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков болушту. Ал эми Гүлжайна Атаканова "Беш тапандын" мырзалары менен үй жаныбарлары тууралуу тамаша тартуулашты.

Гүлжайна Атаканова ата-энесине арналган чыгармасын аткарып, кучак толо гүлүн көтөрүп залда отурган апасына тартуулады. Андан кийин ата-энесин сахнага алып чыгып, апасынын таманына тизе бүгүп жыгылды. Ырды аткарып бүткөнчө куудул көзүнүн жашын тыя албады. Сахнага чыккан куудулдун атасы кызы менен сыймыктанарын, ар дайым колдой турганын айтып өзүнүн чаап жүргөн күлүк аттын камчысын кызына тапшырды.

Гүлжайна Атаканованын атасы кызын чыгармачылыкка аралаштырып, тарбиялап куудул кылган Рахман Разыковду сахнага чакырды. Рахман Разыков шакирти тууралуу айтып бергенден кийин, Гүлжайна айым атасы тартуулаган күлүк атты устатына белек кылды.
"Өзүм шаарда жашайм. Шаарда унаа менен жүрөбүз", - дейт Атаканова.

Концерттин аталышы - 10 жылдык чыгармачылык кече;

Концерттин коноктору - Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Гүлжигит Калыков, эстрада ырчылары Нурмат Садыров, Дайыр Исмадияров, Ишен Назаров, Ильяс Кудретов, жаш ырчы Рамис Эрнисович жана башкалар.


кошулду


 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(13)
08.11.2019. 20:07 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
697
Катталган:
18-09-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 20:06
Жынысы:
Белгисиз
+4
ХХХХ дайыр журот кай жерде болсо
Модератор admin_portal түзөттү 2019-11-09 10:42:42
08.11.2019. 20:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
6
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 23:44
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+13
Тушунбодум 10 жылдан бери сахнада акыркы жылдары сетевой маркетинг деп сейф бизнесте журду го,мен ойлогом биротоло шоу бизнестен кетти го деп,элди алдап акчасын алгандардын концертине кимдер акча толоп барды,буларды эл душмандары катары коруш керек.
08.11.2019. 22:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
24
Катталган:
22-01-2019
Соӊку аракети:
18-11-2019 22:36
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чото аябай тездик менен озун пиарлап баштадыго бул катын...
08.11.2019. 23:44 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
493
Катталган:
04-01-2015
Соӊку аракети:
18-11-2019 19:57
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Ортосунда ыйык тоосу бар калаа.
-1
Менин аялым болгондо 30 жылдык турмушунду откоргон болот элек ))))))
09.11.2019. 00:20 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
28-08-2017
Соӊку аракети:
18-11-2019 22:04
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Өрүк зарлуу Баткенден
+5
Баары эле Ата-Энесин сахнага чыгаратко.
09.11.2019. 01:18 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
Катталган:
20-09-2019
Соӊку аракети:
18-11-2019 23:40
Жынысы:
Белгисиз
+6
Жеке концерт деген музыканттардын,бек -вокалдын,бийчилердин коштоосунда жалгыз ырчынын гана чыгармачылык кечеси. Бул концертти ашар концерт десек туура болот. Элдер тойго конвертке акча салып барса биздин ырчы,куудул болумуштар бирөөсүнүн кечесине бирден номерин көтөрүп барып аны да фонограмма менен аткара салып кете беришет.Анда да жөн кетишбей концерттен кийин бири бирине таарынычтарын айтышып гезит,журнал жана телерадиого чуркашат.Мындай концертке барыш үчүн адам өзүн,убактысын кандай сыйл
arnal78 түзөттү 2019-11-09 01:37:28
09.11.2019. 08:25 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
10
Катталган:
31-10-2019
Соӊку аракети:
16-11-2019 11:09
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушундай куудул барбы билбейт экенсинер,эми жакында Эл артистти дегенди Алат акчасын толоп
09.11.2019. 11:11 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
50
Катталган:
11-04-2014
Соӊку аракети:
19-11-2019 00:31
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ой тобоо бул жерге ичине таруу айланбагандар жазыптыр го ичи таарлыктан арылып өнөрү бар адамдарды колдоо деген жок чынында азамат Гүлжайна куудулдук өнөрү жакшы айым. Пендечилик деген баарыбызда болот,бирок Кудай сактасын.
09.11.2019. 11:50 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
13
Катталган:
28-12-2014
Соӊку аракети:
19-11-2019 00:19
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
Баягыле ашар концерт,окшош сценарий м-н концерт коюп элдин акчасын ала беришет экенда, аншлаг м-н откудой бул аялдын концертине аябай деле барып ийишпесе керек, сыягы өзүн пиарлаш үчүн сейф бизнестин негиздөөчүсү м-н сүйлөшүп ошол сейф бизнесте иштегендер залдын басымдуу бөлүгүн өздөрү эле толтурушса керек.
09.11.2019. 19:46 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
310
Катталган:
24-09-2016
Соӊку аракети:
18-11-2019 23:04
Жынысы:
Белгисиз
-1
Обу жок
09.11.2019. 19:49 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
95
Катталган:
15-01-2016
Соӊку аракети:
18-11-2019 16:26
Жынысы:
Белгисиз
-1
Аксылык акеси Гүлжигит Сатыбеков жок го.
09.11.2019. 21:25 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
7
Катталган:
25-12-2018
Соӊку аракети:
18-11-2019 13:08
Жынысы:
Белгисиз
-1
Акчанын кучу менен болду окшойт аншлаг менен концерт бере Турган денгеелге жетелек эле
09.11.2019. 23:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
70
Катталган:
26-11-2010
Соӊку аракети:
18-11-2019 20:12
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Москва
-1
Ата энеси мн ырдаганда узунурак кийип чыкса болбойт бекен озунун жашына ылайык...
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
133844;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: