Бүгүн, 8-ноябрда Бишкектеги Эркиндик бульвары менен Чүй кең көчөсүнүн кесилишинде жайгашкан “Антошка” аттуу тез тамактануучу жайдан өрт чыгып, 1 адам каза болуп, 12 киши жабыркаганы маалымдалган. Жабыркагандар Бишкек шаарындагы Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборуна жеткирилген.
SUPER.KG порталы аталган ооруканага барып, дарыгерден жана жабыркаган адамдардын жакындарынан комментарий алды. Травматология жана ортопедия илим изилдөө борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков жабыркагандардын абалы тууралуу төмөнкүлөргө токтолду.
"Бизге өрттөн жабыркап кайрылгандардын саны 11 кишиге жетти. Алардын тогузу ооруканага жаткырылып, эки жаран амбулатордук жардам алып кетишти. 9 бейтаптын ичинен 2 бейтап жандандыруу бөлүмүнө жаткырылды. Алардын абалы оор, бирок стабилдүү. Калган бейтаптар оорукананын Күйүк бөлүмүнө жаткырылды. Азыркы учурда алар дарыланып жатышат, дары-дармектер жетиштүү. Жабыркагандардын арасында өспүрүмдөр бар, алардын 5 пайыз денеси күйүп калган", - деди дарыгер.
Ырысбек Сыдыкбековдун жубайы Акжолтой Байысбек кызы аталган тез тамактануучу жайда жумушчу болуп бир жылдан бери иштеп келе жаткан. Ал келинчегинин өрттөн жабыркап, ооруканага түшкөнүн угуп, аталган жерге жетип келгенин айтып берди. Ал эми жабырлануучунун эжеси Рыскүл Бекмурзаева ишкана ээлери кызматкерлердин ден соолугун ойлоп, тиешелүү шарттарды түзүп, коопсуздукка маани бериши керек эле деген пикирин айтты.
"Өрт коопсуздуктун сакталбаганынан келип чыккан. Күбөлөр бир эмес, үч жолу жарылуу болгонун айтып жатышат. Биринчи жарылууда эле коопсуздук чаралары көрүлсө, мындай чоң трагедия болмок эмес беле деген ой кетет. Тез тамактануучу жайдын ээсине ошол жерден канча акча түшүп жатат. Мындан улам, алар тиешелүү коопсуздук эрежелерин сакташы керек болчу. Жоопкерчилик аларда болгондуктан, мен кафе ээлерин күнөөлүү деп эсептейм. Сиңдимди көрө элекпиз, угушубузга караганда, анын абалы оор деп айтылууда", - деди Бекмурзаева.
Окуя катталгандан көп өтпөй, өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Саламаттыкты сактоо министрлигине тилсиз жоодон жабыркагандарга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүү жана дарылоо боюнча чараларды көрүүнү тапшырды.