Бишкек ШИИББи: "Тез тамактануучу жайда эки газ баллон жарылган"

Тектеш кабарлар: Бишкектин борбордук бөлүгүнөн чыккан өрт (22 материал)

Өрт бүгүн, 8-ноябрда Бишкек шаарындагы Чүй кең көчөсү менен Эркиндик бульварынын кесилишинде жайгашкан тез тамактануучу жайдан чыкты. Кырсыктан бир адам каза болду. Алдын ала маалыматтар боюнча, Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы эки газ баллон жарылган деген маалыматты таратты.

"Эки жарылуунун ортосунда 10 мүнөттөй аралык болгон. Саат 13:45 чамасында милициянын кайгуул кызматкерлери "Ала-Тоо" кинотеатрынын аймагында иштеп жатышкан. Алар жарылуу болору менен коопсуздук чараларын көрүп, жарылуу болгон имараттын экинчи кабатындагы ресторанда отурган кишилерди сыртка чыгарып, аймакты курчоого алышкан", - деп билдиришет басма сөз кызматынан.

Өрт тууралуу бардык кабарларды окуу үчүн ушул шилтемени басып өтүңүз.

Бишкек ШИИББи: "Тез тамактануучу жайда эки газ баллон жарылган"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан