Футбол федерациясы күйөрмандарды оюн учурунда эрежелерди сактоого чакырат

Кыргыз Республикасынын Футбол федерациясы футбол сүйүүчүлөрүнө билдирүү жасады. Анда 14-ноябрда жана 19-ноябрда Кыргыз өлкөсүнүн Япония жана Тажикстан менен боло турган футболдук беттештерине байланыштуу эскертүүлөр айтылат.

Стадиондун аймагына колунда билети барлар гана киргизилет. Сатылып алынган билеттин түсү стадиондогу сектордун түсүнө дал келет, тиешелүү орундуктарга өтүүнүн схемасы билетиңизде чагылдырылган.

Стадиондун эшиктери мелдеш башталаарына 2 саат калганда ачылат, чоң кезектин жаралышын алдын алуу үчүн эртерээк келүүңүздү өтүнөбүз.

Стадиондун аймагына төмөндөгүлөр менен кирүүгө тыюу салынат:
- айнек жана пластикалык бөтөлкөлөр;
- саюучу-кесүүчү буюмдар;
- ок атуучу курал-жарактар;
- жарылуучу пиротехникалык каражаттар.

Стадиондун аймагында төмөндөгү аракеттерге тыюу салынат:
- оюн талаасына кандайдыр бир буюмдарды ыргытууга;
- уруксат берилген аймактардан чыгууга;
- башка көрүүчүлөрдү жана иш-чаранын катышуучуларын кордогон символдорду колдонууга;
- алкоголь ичимдиктерин ичүүгө;
- баңгизаттарды колдонууга;
- трибуналарга таштандыларды ыргытууга;
- тамеки чегүүгө.

Билеттерди алдын ала сатып алууну өтүнөбүз. Билеттерди оюн убагында дайыма жаныңызда алып жүрүүнү, зарыл болгон учурда контроллерлорго көрсөтүүнү өтүнөбүз.

Стадионго кирүүнүн жолдорун алдын ала пландаштырыңыз. Оюн күндөрү стадиондун айланасындагы транспорттун жана жөө жүрүүчүлөрдүн кыймылы чектелет.

Жогоруда айтылган эрежелерге түшүнүү менен мамиле кыларыңызга үмүттөнөбүз. Анткени команданын жетишкендиктери сиздин колдооңузга байланыштуу.

Кыргызстан үчүн туура күйөрмандык кылалы!

Кыргыз-Мьянма беттеши учурунда күйөрман футбол талаасына чуркап чыгып, Павел Матяш менен учурашканга жетишкен. Бул жорук кыргыз футболуна чоң көйгөй жаратарын улуттук курамдын башкы машыктыруучусу Александр Крестинин билдирген эле.

Футбол сүйүүчүлөрүнө маанилүү маалымат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
u02u02
2019-11-09 13:10:37
Ушул эрежелердин баарын биз сактайлы! Силерда бизди уят кылбагыла!
+5
bessmertiy
2019-11-09 13:17:06
Тартип бузгандарды катуу жазалаш керек! Топтой эле тепкилеп салыш керек. Бир келесоонун айынан миңдеген күйөрмандар менен өлкөбүз жана командабыз жабыр тартпаш керек.
+5
555-777
2019-11-09 14:39:57
Милийсаларды айлантырып эмнеге тизет? Ошого окшогондордун алдын алуу үчүнбү? Же...?
-4
Altyn2017
2019-11-09 17:17:50
Кыргызстандын саатына 18:00дө Узбекистан Кыргызстан футбол таймашы башталат.Алга Ак шумкарлар.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан