Ноокен районунун Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылды

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Рахманжан айылындагы көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымы ыйгарылган. Бул тууралуу социалдык тармактын колдонуучулары аталган айылдагы көчөнүн сүрөтүн социалдык тармактарга жарыялашты.

Мындан улам SUPER.KG порталы аталган райондун айыл өкмөтүнө байланышып, төмөнкүдөй маалымат алды.

Айыл жашоочулары, аксакалдар өз эрки менен Бакиевдин атын көчөгө ыйгарып алышкан дейт.

"Рахманжан айылынын жергиликтүү тургундары демилге көтөрүп, өз каалоолору менен көчөлөрдүн бирине Курманбек Бакиевдин ысымын ыйгарышкан. Бирок бул демилгени жергиликтүү бийлик колдогон эмес, жергиликтүү кеңештин депутаттары дагы колдогон эмес. Негизи көчөгө ат коюу боюнча айыл өкмөтүнүн дагы документалдуу түрдө укугу жок, маселени жергиликтүү кеңештин депутаттары чечет", - деп билдирди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (18)
talaa11
2019-11-09 15:30:12
Койсо эмне болбойт бекен? Бакиев Кыргыз Эли учун абдан чон иштерди жасаган муну бийлик каралаганы менен Эл билет кимдин Ким экенин Бакиев баардык президенттерге улгу Боло Турган Президент
+24
Ziregim
2019-11-09 15:52:34
Озу кыргыздарга чала Бакиевди жаман деп куудук эле мына канчоо келди кийин кыйратты шумдук
+11
KAYRATBEK
2019-11-09 16:20:16
Бакиевди жаман деп кууп салып келген кийинки бийлик Бакиевден 10эсе жаман болгон экен. Аны баарыбыз билдик. Бакиевден кийинки убактылуу окмот баштап берип алар колдогон АША акырына чыгарып кетти. Баардык нерсени убакыт корсотот деген чын экен. Мына Бакиев жаман деп 7 жыл кимге жолукканыбызбы ээми билип журобуз.
+14
KAYRATBEK
2019-11-09 16:21:30
Боготтон Рахманжанга чоон салам.
-1
Bayastankyrgyz
2019-11-09 16:51:41
Кыргызстан эмне деген көчөлөр бар Индира Ганти кытайдын атына чейин коюлуп ататко... Эмне болуптур бул киши Кыргызстанды Акаевтен кийин калыбына келтирген инсан.... Дагы иштесе азыркы элиталар болбойт эле
+8
Erik2018
2019-11-09 17:24:29
Бакиев эмес азыр айылга айыл башчы адамдын деле аты көчөгө берилип жатат го анчалык кооптонуп кереги жок
+12
bekbol2006
2019-11-09 17:48:24
Татыктуу
+6
atanazarov10
2019-11-09 17:51:24
Достойный президент эн мыкты менин президентим.
Бир туугандарын кошбогондо лучший президент история Кыргызстана... Муаммар Каддафиге бир аз окшоштурам.
+9
bond02
2019-11-09 17:56:24
Эн туура.
+10
Azatbek.Svoboda.
2019-11-09 18:00:03
Салижан Шарипов анан дагын Бабур Амир Темур дегенден коро Курманбек Бакиев деген аты жакшыго.Жергиликтуу кенешинер азыркы бийлик эмне десе хоп дешет!
+8
Absamat-90
2019-11-09 18:33:01
Азыр аты жыты чыкпаган чоң аталарынын атын көчөгө коюп жатышат. Экинчиден бул мыйзам жол бербеген жагдайды ишке ашырып жаткан, бийликти жаман көрсөтүү үчүн жасалган кадам.
+5
ainura220888
2019-11-09 18:53:19
Соонунго менин айылым. Озгочо айыл. Ыйык булагы бар, же тоо тугундо жайгашкан айыл эмес эли ынтымактуу. Рахманжандын тургундары уникалдуу. Чындыка тике караган, боорукер ийкемлуу калк. Жакшылыкта олум житимде колдоп коштоп бирге турушат. Айылдагы депутатар озубуздун аке эжелер. Алар дайым Бакиевди колдоп келишкен чынчыл эл ишенген адамдар. Айыл окмот деле коп жакшы иштерди жасаган жакшы жигит. Бироолордун участкасын бандит досторуна сатып иргенин кошбогондо))) эми бул отдельная тема))мен колдойм
-2
Tolkun555
2019-11-09 20:22:23
Бардык аймактардан бирден кочонун атына койсо татыктуу.даже Бишкектин да кочолоруно берсе да болот.
+1
Akzhol000
2019-11-09 20:23:12
Аялын жакшы болсо мынан да жакшысын таап алам дейсин аялын жаман болсо кой ушуну менен еле жашайын кийинкиси мынан да жаман болот дейсин
-6
katerina.li
2019-11-09 20:43:29
Туштук менен тундук кырылышып калат дайыма. Анан кыргыз кантип онолосунар?? Ии олсок дагы башчы туштуктон болсо болду,же мейли эптеп тундуктон бироо утса болду деген тушунктон арылбадык. Печалька
+5
ooki8888
2019-11-10 16:52:41
Бакиевтин денгээли ошондой, бир тар кочоо. Андан чонуна достойный эмес.
Ал кишини сагынгандарга айтаарым - Курманбек далайды курман кылган, силер унутсанар, мен унута элекмин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан